• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кара-Кулжада мектеп өрттөнүп кетти

11 Жалган куран 20219:10 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжа районунун Буйга айылында Ж.Абидинов атындагы орто мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-март күнү өрт өчүрүү кызматына таңкы саат 04:16да кабар түшүп, саат 06:35те өрт чектөөгө алынган. Таңга жуук саат 08:25те өрт толук өчүрүлгөн.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, 150 орундуу мектеп эки корпустан турган.

Количество просмотров: 320