• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кара-Кулжада сел жүрүп, 25 турак үйдүн короосун суу каптады

28 Бугу 2022 10:26 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө крдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, саат 27-майда 20:15 чамасында Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5-чакырым ички чарбалык жолду каптаган.

Ошондой эле Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” баласындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып, 25 турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилген. Жабыркагандар жок.

«Бүгүн жерине сууларды сордурууга Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу мотопомпа менен тартылды. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 480