• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кара-Кулжада селден жабыркаган турак үйлөрдү тазалоо иштери жүрүүдө

10 Бугу 2021 11:46 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжада селден жабыркаган турак үйлөрдү тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 8-май күнү 23:00 чамасында катуу жааган жандын кесепетинен сел жүргөн. Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя айылында 2 турак үйдүн ичине, 2 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 43 турак үйдүн короо-сарайларына жана тамаркаларына суу кирген жана 450 метр ички чарбалык унаа жолун жараксыз абалга келген.

Сары-Булак айылында “Жаңы Моңол” каналы кум шагылга толуп, суулар ашып 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна, 1 бала бакчанын короосуна жана жер төлөөсүнө, 30 турак үйдүн тамаркаларына, 38 турак үйдүн ичине, 34 турак үйдүн короо-сарайларына суу кирген жана 1 даана электр-мамычасы кулап, 400 метр электр зымдары жараксыз абалга келген. Мындан сырткары 1 жылкы, 5 уй жана 70 аары бал челеги селге агып кеткен.

Ошондой эле Кара-Кочкор айылындагы Атакул сел өткөрүүчү каналынын жалпы 700 метр аралыгы кум, шагыл, таштарга толуп, каналдын он тарабынын 15 метр аралыгын сел бузуп кеткен. Нура сел өткөрүүчү каналынын жалпы 1000 метр аралыгы кум, шагыл, таштарга толуп, каналдын он тарабынан 25 метр аралыгы жана сол тарабынан 5 жерден жалпы 100 метр аралыгын, сел бузуп жараксыз абалга келтирип, 2 турак үйдүн ичин, 7 турак үйдүн короо-сарайларын, 2 чакырым ички чарбалык жолду жана 5га үлүш жерди каптаган.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу тазаланып ачылган.

Жерине КР ӨКМден 22 куткаруучу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 13 кызматкер, №26 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 2 самосвал, 10 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 2 экскаватор, 1 самосвал, 4 кызматкер, РЭТтен 1 бригада, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылды.

Тартылган күчтөрдүн жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлдү.

10-май күнү тазалоо иштери улантылат.

Количество просмотров: 134