• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара куурай өстүргөн жаран кармалды

15 Кулжа 2023 14:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылып алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июнда Бишкек шаарында Ч.Б.Т. аттуу жарандын жеке үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн, натыйжада үйдүн короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай бадалдары табылган.

«Табылган жерди текшерүүдө өсүмдүктөр жасалма түрдө өстүрүлүп жатканы жана кылдаттык менен кам көрүлгөнү байкалды. Өстүрүлгөн кара куурай бадалдары белгиленген тартипте алынып, контролдук таразага ылайык, баңгизаты бар өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 130 кг болду. Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,-деп жазылат маалыматта.

КР УКМК курамында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү кылмыш болуп саналаарын жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Количество просмотров: 141