Кечээ Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине карата, Таласта ордо оюну жана кыргыз күрөшү боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Облус башчысы Эрмат Жумаев оюнга катышуучуларды куттуктап, ордо — кыргыз элинин кылымдан-кылымга, муундан-муунга өтүп келген, жоокердик тактиканы үйрөткөн, этияттыкты, шамдагайлыкты, амалкѳйлүктү, таамайлыкты жана психологиялык туруктуулукту талап кылган уникалдуу акыл оюну экенине токтолду.
Кыргыздын уникалдуу ордо оюнунун жайылышына, ѳнүгүшүнѳ кошкон салмактуу салымы үчүн мелдештин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, ордо сүйүүчүлөрүнө ийгилик каалады.
Ушул эле күнү КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин катышуусунда Талас шаарындагы «Газпром» спорттук залында улуттук кыргыз күрөш боюнча мелдештин ачылышы болду.
Ага өлкө аймагынан жана коңшу Казакстан Республикасынан 70, 90 жана абсолюттук салмак категориясындагы балбандар катышты. Абсолюттук салмак категориясынын жеңүүчүсүнө автоунаа тапшырылат.
Улуттук күрөш боюнча мелдештин жыйынтыгы 12-октябрда чыгат.
Эске салсак, аталган спорттук оюндар боюнча мелдештер Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.