• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кара-Суу сотунун имараты курула баштады

13 Бештин айы 2022 10:51 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 12-декабрда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун административдик имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев жана Ош облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Жумагулов, жергиликтүү соттордун судьялары жана төрагалары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, райондун акими, Кара-Суу шаарынын мэри жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин, прокуратура жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылары катышты.

Төрага өз сөзүндө бул облус үчүн гана эмес, бүтүндөй сот системасы үчүн маанилүү окуя экенин, буга чейин үстүбүздөгү жылдын июнь айында иш сапарынын алкагында Кара-Суу райондук сотунда болуп, сот имаратынын кейиштүү абалын көргөнүн белгиледи.

“Ош облусуна болгон иш сапарда бөлмөлөрдүн, сот залдарынын жетишсиздигин көрүп, кызматкерлердин контейнерлерде иштеп жаткандыгына күбө болдук. Андыктан, созулуп жаткан курулуш иштерине байланышкан маселелерди тез арада чечип, жарандарга жана сот кызматкерлерине шарт түзүү тапшырмасы берилген”, — деди төрага.

Замирбек Базарбеков соттун жаңы имаратында мыйзамдуу, негиздүү чечимдер чыгып, ак жолтой болуп, адилеттүүлүктүн үйү болушун каалады.

Кара-Суу райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн жооптуу иштерин татыктуу жана жогорку квалификациялуу деңгээлде мындан ары да зор умтулуу менен аткарат деген ишенимин билдирди.

Количество просмотров: 232