• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Сууда 5 жашар кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажырады

15 Баш оона 202420:57 Бишкек Govori.TV

Соттун чечиминде педофил жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөрү кɵрсɵтүлгɵн.

Кара-Сууда уктап жаткан беш жашар кызды уурдап кетип зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылганы боюнча Ош облустук сотунан маалымдашты.

Кара-Суу райондук соту шектүү Э. уулу З. аттуу жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү («Жеке менчике мыйзамсыз кирүү»), 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту («14 жашка толо элек баланы уурдоо») жана 155-беренесинин 4-бөлүгү («Өзгөчө мыкаачылык менен жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер») менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыраткан.

Ал жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт.

Эске салсак, үрөй учурган окуя 15-апрелде Кара-Суу районунда болгон. Анда беш жашар кыз уктап жаткан бөлмөсүнөн жоголуп, талаада белгисиз адамдын унаасынан табылган. Кылмышка шектүү ошол эле күнү колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги:
Количество просмотров: 139