• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкектеги мектептен «педофил» кармалды

16 Бирдин айы 2018 9:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.02.2018.Govori.TV
Бишкек шаарындагы Туңгуч кичи районунда жайгашкан 73-мектепте төбө чачты тик тургузган окуя катталды. Мектеп ичине кирип барган адам дааратканада отурган 4-класстын окуучу кызын зордуктоого аракет кылган.
10-фералда социалдык тармактарда Бишкектин мектептеринин биринде бачабас кармалгандыгы тууралуу маалымат тарай баштаган. Окуя 9-февраль күнү болгондугу такталды. Мектеп директору алгачкы күнү маалымат сайттарга мектепке чоочун адам кирбегендигин, зордуктоо фактысы болбогондугун айткан менен 15-февралдагы иликтөөнүн жыйынтыгы менен мектепке чоочун эркек киргендиги, кыздардын дааратканасында 4-класстын окуучу кызын зордуктоого аракет кылгандыгы билинди.
Мектептеги күзөт кызматына өзүн окуучу кыздын атасы экенин айткан киши тоскоолдуксуз мектеп ичине кирген. Кыздардын дааратканасына кирип барып, 4-класстын окуучу кызын даараткананын ичине кармап, оозун колу менен жаап зордуктоого аракет көргөн. Ошол маалда классташын издөөгө келген кыз эшикти такылдатып калып, каршылык көрсөтүп жаткан кыз тышка качып чыккан.Мындан кийин ал киши мектеп сыртындагы камыштар арасына жашынып калган. Күзөтчүлөр жана 11-класстын окуучулары жашынып калган кишини кармап милиция кызматкерлерине тапшырып берген.
73-мектептин директору окуяга жол берген тараптарга дициплинардык чаралар көрүлгөндүгүн бидирди. Ал эми бачабасты киргизип жиберген күзөт кызматкери жумуштан алынган.
Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча шектүү убактылуу кармоочу жайга 2 айга киргизилди. Ага кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
73-мектепке эми ата-энелерди киргизбейт. Киргизсе да бир күзөт кызматкери коштоп жүрөт.
Количество просмотров: 19