• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жалал-Абаддын тургуну беш жаштагы кызды зордуктаган үчүн 20 жылга кесилди

26 Жалган куран 2018 15:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.03.2018. Govori.TV.
Жалал-Абад шаардык соту 2018-жылдын 20-мартында А.У. аттуу жаранды беш жаштагы кызды зордуктаган деп айыптап, 20 жылга кескенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
2017-жылы 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун тургуну беш жаштагы кызын А.У. аттуу жаран уурдап кеткенин билдирип, аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
«Сот-медициналык жана сот-биологиялык экспертиза зордуктоо болгонун аныктаган. Тергөө маалында А.У. аттуу жарандын күнөөсү толугу менен далилденген», — деп айтылат маалыматта.
2018-жылдын 11-январында иш сотко өтүп, А.У. аттуу жаран Кылмыш жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүгү (жашы жете электерди зордуктоо) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ошондой эле аны катуу тартиптеги колонияга 20 жылга эркинен ажыратуу сунушталган.

 

Количество просмотров: 24