• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Сууда депутат сабалды

28 Чын куран 202217:14 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда шаардык кеңештин жыйынында депутаттардын бири сабалып ооруканага түштү. Маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү саат 16:45 чамасында Кара-Суу райондук ооруканасына Кара-Суу шаарынын Х.Р. аттуу 57 жаштагы тургуну ар кандай жаракат менен түшкөн.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 15-апрель күнү Кара-Суу шаардык мэриясындагы жыйындар залында Н.А. аттуу жаран денесине жараат келтиргенин айтып, чара көрүп берүү үчүн Кара-Суу РИИБине арыз менен кайрылгандыгы такталган. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Учурда милиция иликтөө ишин улантууда.

Количество просмотров: 303