Ош облусунун Кара-Суу районунда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу Кара-Суу райондук каттоо кызматынын башчысынын орун басары Мухамедали Мамашев билдиргенин “Азаттык” жазды.
Маалыматка караганда, камакка алынган мүлктүн арасында “Исмаил ата” атындагы мечит, “Исмаил ата” чайканасы да бар.
“Атайын кызматтын 2024-жылдын 19-январдагы 487-номурлуу каты менен Кара-Суу районунда биздин кызматтан каттоодон өткөн 26 мүлк бирдиги камакта турат. Анын ичинде үйлөр, мамлекеттен үлүшкө алган жерлери да камакка алынган”, — деп билдирген ал.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү Ош шаарындагы үйгө 14-февралда мөөр басып кеткен. Турак жай Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан.