• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кара-Сууда милициянын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

30 Чын куран 2022 15:05 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК ИИМдин Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматы менен биргеликте 29-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (“Опузалап акча алуу”) факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында комплекстүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзгөн.

Тергөөчү К.М.К кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен Кара-Суу районунун тургунун коркутуп, андан 50 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталган.

Көрсөтүлгөн сумманын 15 миң сом бөлүгүн алуу учурунда тергөөчү К.М.К кармалып, азыркы учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 590