• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кара-Сууда пара талап кылууга шектелген сот аткаруучу кармалды

12 Жалган куран 2020 13:11 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда пара талап кылууга шектелген сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А. уулу Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Оштогу райондук соттордун биринин сот аткаруучусу алимент боюнча маселени чечип берүү үчүн андан 50 миң сом талап кылган.

2019-жылдын 23-январь күнү Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын өндүрүшүнө карызкор А. уулу Б.нын эсебинен А. кызы Г.нын пайдасына ай сайын кирешесинин төрттөн бир бөлүгүн алимент катары өндүрүү тууралуу соттун буйругу келип түшкөн.

Анын негизинде карызкор Б.А.га сунуш, эсеп жана эскертүү берилген. 2019-жылы 8-ноябрь күнү Б.А. алимент боюнча карызын төлөбөгөндүктөн, соттун чечимин мажбур түрдө камсыз кылуу максатында ага Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга убактылуу тыюу салынган. Бирок ага карабастан Б.А. алимент боюнча карызын бүгүнкү күнгө чейин төлөгөн эмес.

10-мартта карызкор алиментти төлөө үчүн барганда Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын Ы. уулу К. аттуу кызматкери 50 миң сом алып жаткан жеринен укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ошол учурда А. кызы Г. дагы сот аткаруучулардын иш бөлмөсүндө болгон.

«Колго түшүрүү операциясын ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгы ыкчам чара көрүү атайын отряды менен бирге ишке ашырган. Кармалган адам коррупциялык кылмышка шектелүүдө», — деп айтылган маалыматта.

Бул факт Жазык кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 289