• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кара-Сууда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

5 Чын куран 20199:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.04.2019.Govori.TV.

Кара-Суу районунда 61 жаштагы жаранды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-март күнү Кара-Суу РИИБдин нѳѳмөт бөлүмүнө Жаңы-Маданият айылында унаа кырсыктан улам белгисиз жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, 29-март күнү саат 21:00 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагына караштуу Жаңы-Маданият айылында белгисиз айдоочу өзүнүн автоунаасы менен жөө жүргүнчү — Жаңы-Маданият айылынын 1958-жылы туулган А.А., аттуу тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин аныкташкан. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган.

Кылмыш иштин бетин ачуу максатында Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери жана ЖКК кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 3-апрель күнү кылмышка шектүү делип Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын 1967-жылы туулган тургуну Ч.З., кармалган.

Кылмышка шектүү тергөө кызматына тапшырылып, КРнын Жазык-кодексинин 297-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 151-беренесинин (жардам көрсөтпөй коюу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 14