Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, алгач Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Ордо орто мектебине барышып, журналисттер мектептеги кемчиликтерди байкап калып, сүрөткө тарта башташкан. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Арсланбек Шамырбеков, Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз катчысы Айсулуу Исабекова жана алардын айдоочусу журналисттерге «мектептин кемчиликтерин эмнеге тартып жатасыңар?» деп ызы-чуу чыгарышкан. Жыйынтыгында журналисттерди «өзүңөрдүн унааңар менен кеткиле» деп ара жолго таштап кетишкен.
Журналисттердин айтымында, жаңы эле пайдаланууга берилген мектептин имаратында жаракалар даана байкалат.
Ал эми аталган мектептин директору Бектемир Турдазиев билдиргендей, мектептин имаратынын 7-8 жеринен жаракка кеткен.
Аталган мектептин тендердик баасы 62 млн сом болгон. Учурда 59 млн сомдук иш аткарылган. Мектепти «Памир жолу» курулуш компаниясы курган.
Ал эми мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз катчысы Айсулуу Исабекованын айтымында, журналисттер менен уюштуруучулардын ортосундагы чырга жалданган мекеменин кызматкери (подрядчик) себеп болгон.
«Биз журналисттерге курулуп бүткөн социалдык объектилерди тааныштырып жатканбыз. Мектептин курулушу менен таанышкан учурда подрядчик кызыл кандуулукка алдырып, журналисттер менен уруша кетти», — деди ал.
Булак: Турмуш.кж