• Шаршемби 28 Аяк оона 2022
  • Среда 28 Сентябрь 2022

Карабаева: Адам өзгөрүүнү өзүнөн баштаганы оң

5 сентября 2022 в 10:17 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.

Алардын бири Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Октябрь айылынан келген жеке ишкер Далида Карабаева.

«Азыркы учурда жеке ишкермин, чакан тигүү цехим бар. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөм. HR менеджер болуп, жергиликтүү бийликтер менен көп иштерди алып бардым. Мисалы, жумушсуз жарандарды иш менен камсыздоо сыяктуу. Былтыр жергиликтүү кеңешке талапкерлигимди койгом, тилекке каршы өтпөй калдым. Бирок дагы да болсо тилегим бар, өзүмдү келечекте Жогорку Кеңештен көргүм келет»,-деди Карабаева.

Количество просмотров: 79

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда