• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта жеке ишкер пара берүү учурунда кармалды

11 Бирдин айы 202116:41 Бишкек Govori.TV

Таласта Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы сот департаментинин башчысына пара берүү фактысы менен Э.Р.А аттуу жеке ишкер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган адам сатылып алынган товарларга (авто тетиктерге) жогорулатылган бааларды жашыруу жана автоунааларды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү максатында, Талас шаарынын сот департаментинин башчысына 50 миң сом өлчөмүндө акча сунуш кылгандыгы аныкталган.

«Ал Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 292