• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Каракалпакстанда акция учурунда кармалган 35 киши бошотулду

2 Жетинин айы 2022 15:30 Бишкек Govori.TV

Каракалпакстандагы окуяларга катышкан дагы 35 шектүү мамлекеттин кепилдиги менен эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Акыйкатчы институту кабарлады.

Маалыматка караганда, атайын комиссия «кылганына өкүнгөн» жана оор социалдык абалдагы айыпталуучулардын үчүнчү тизмесин түзүп, аларды үй-бүлөлөрүнө кайтаруу боюнча тиешелүү чараларды көргөн.

«1-ноябрда Башкы прокуратура мамлекеттик кепилдиктин негизинде жана Жогорку Кеңештин сунушу менен дагы 35 шектүүнү эркиндикке чыгарды», – деп жазылган билдирүүдө.

Комиссиянын демилгеси менен бошотулган шектүүлөрдүн жалпы саны 107 кишиге жетти.

Быйыл июль айынын башында Каракалпакстандын баш калаасы Нукуста жана башка бир катар шаарларында Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясына каршы нааразылыктар өткөн. Алар Каракалпакстанга Өзбекстандын курамынан чыгууга укук берген Конституциядагы суверендүү макамын калтырууну талап кылышкан.

Нааразылык акциялар күч менен басылган. Өзбекстандын бийлиги 18 киши, анын ичинде 14 жай тургун жана төрт укук коргоо кызматкери өлүп, 516 адам жаракат алганын билдирген. Бул окуялардан кийин Өзбекстандын парламенти Конституциянын жаңы редакциясында Каракалпакстандын суверендүү макамын сактап калуу чечимин кабыл алган.

Количество просмотров: 76