• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каракалпакстандын башчысы алмашты

26 Баш оона 2022 17:01 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан автономдук республикасынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы маалымдады.

Маалым болгондой, Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясында мурдагы ички иштер министри Аманбай Оринбаев парламенттин төрагасы болуп шайланган.

Оринбаевге чейин Каракалпакстандын Жогорку Кеңешин 2020-жылдын октябрь айынан бери Мурат Камалов жетектеп келген. Ал “ден соолугуна байланыштуу” кызматтан кеткени кабарланган. Каракалпакстан автономдук республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы бул аймактын жетекчиси болуп эсептелет. Ал Өзбекстандын президентинин макулдугу менен парламентте жабык добуш берүү аркылуу шайланат.

Кошумчалай кетсек, Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-августта Нукус шаарына барган.

Количество просмотров: 225