• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда каракалпакстандык эки активист кармалды

1 Бугу 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын суроосу менен Маңгыстау облусунда каракалпакстандык эки активист – 28 жаштагы Бегдияр Халыкоразов менен 26 жаштагы Алпамыс Аллаяров кармалды. Бул тууралуу “Шырак” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, алар 28-апрель күнү басмаканадан «Каракалпактар Өзбекстандын референдумун Каракалпакстан Республикасынын аймагында өткөрүүгө каршы» деген аталыштагы баннерлерге буюртма берүүгө ниеттенип жатканда кармалган. Экөө тең Казакстанда туруктуу жашап, иштеп жүрүшкөн.

Маңгыстау облустук полициясынын расмий өкүлү Айгерим Ибатуллаева алар каякта экени жана кандай негизде кармалганы тууралуу кабары жоктугун айтып, “Аларды полиция кармаган эмес” деп билдирди.

Бул арада Каракалпакстандын борбору Нукуста укук коргоочу Манас Казахбаев кармалганы кабарланууда.

Былтыр күзүндө Казакстан кеминде беш каракалпакстандык активистти камакка алган. Туугандары алардын куугунтукталышын 2022-жылы июлда Нукуста болгон нааразылык акциялары менен байланыштырышкан.

29-апрелде Өзбекстан менен Бейнеуге жакын жердеги чек ара бекетинде тыгын жаралган учур тартылган видео соцтармактарда жарыяланган. Base Telegram-каналы «алдыдагы митинг тууралуу» ушак-айыңдан улам Өзбекстан бийлиги Казакстан менен чек араны жаап салганын, ал тургай Өзбекстандын жарандарын да өткөрбөй жатканын жазган.

30-апрелде Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү.

Былтыр Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеленгенде Каракалпак автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

Количество просмотров: 69