• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Каракалпакстанда кармалган 24 киши үй камагына чыгарылды

30 Баш оона 2022 14:53 Бишкек Govori.TV

Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу камалгандардын 24ү күрөө менен бошотулуп, үй-бүлөсүнө кайтты. Бул тууралуу Өзбекстан Акыйкатчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул чечимди мамлекеттин кепилдигинин негизинде, болгон окуяларды иликтөө менен алектенген комиссия мүчөлөрүнүн сунушу жана Каракалпакстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин өтүнүчү менен кабыл алды.

24 жарандын камакка алуу бөгөт чарасы коомдук көзөмөл жана үй камагы менен алмаштырылды.

Расмий маалыматка караганда, чечим кабыл алууда «бул кишилердин башаламандык учурунда жасаган иштери үчүн өкүнгөнү», ошондой эле алардын жаш балдары бар экени жана үй-бүлөсүн жалгыз багып келишкени эске алынган.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан республиканын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылып, 21 киши набыт болуп, 516 адам кармалган.

Количество просмотров: 63