• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Каракчылык жасоого аракет кылган жарандар кармалды

23 Баш оона 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Каракчылык жасоого аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү таңкы саат 04:30 чамасында Баткен шаарынын 35 жаштагы М.Т. аттуу тургунунун үйүнө жашыруун түрдө белгисиз эки жаран кирип, үйдүн бөлмөсүндө сакталып турган темирден жасалган сейфти ачууга жана ичинде сакталган 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акчасын уурдаганга аракет жасашкан. Сейфти сыртка алып чыгып жаткан жеринен үйдө уктап жаткан М.Тнын атасы К.С. алардын кыймылынан ойгонуп кетип, уурулук жасап жаткан белгисиз жарандардын көрүп калган. Белгисиз жарандардын бирөөсү С.Кны муунтканга аракет жасап, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. 2022-жылдын 19-августунда Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 43 жаштагы тургуну Э. Ж. жана Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунун тургуну 45 жаштагы Д. А. шектүү катарында кармалып, Баткен РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 151