• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Каракол» аэропортуна IKG коду ыйгарылды

20 Бирдин айы 20259:19 Бишкек Govori.TV

«Каракол» эл аралык аэропортуна IKG коду ыйгарылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, үч тамгадан турган уникалдуу код дүйнө жүзүндөгү аэропортторго Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (ИATA) тарабынан берилет. Бул код авиация тармагындагы процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн стандартташтырылган системанын бир бөлүгү болуп саналат.

Эске салсак, Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт былтыр реконструкциялоо иштеринен соң ачылган.

Количество просмотров: 108