• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Каракол аэропортундагы кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөт

6 Кулжа 202316:51 Бишкек Govori.TV

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов Караколдогу аэропортту куруп жатып мерт кеткен жумушчулардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алды. Бул тууралуу аталган облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иманбетов маркумдардын жакындарына көңүл айтып, аларга жана жабыркаган жарандын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Облус башчысы ошондой эле кырсыкта жараат алган Адылбек Осмоновдун абалынан кабар алды. Ал учурда Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу.

Эске салсак, кечээ Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропортун куруп жаткан үч адамды металл конструкция басып калып, экөө мерт кеткен. Социалдык тармактарда маркумдардын жакындары чогулуп, президентке кайрылуу жолдошкон.

Количество просмотров: 127