Американын Condé Nast Traveler саякатчылар журналы Кыргызстандын Каракол шаарын Борбордук Азиядагы укмуштуу окуялардын борбору деп атады.
Каракол тууралуу макала журналга ушул жылдын 7-январында жарык көрүп, анда 2025-жылы көрө турган 25 эң мыкты жерлерге Каракол дагы кошулган. Ысык-Көл жээгинде жайгашкан шаар саякатчыларга активдүү эс алуунун, маданий жана ар түрдүү тамак-аштын идеалдуу жери катары сүрөттөлгөн.
«Каракол — Борбордук Азиядагы укмуштуу окуялардын борбору. Тянь-Шань кырка тоолору менен Ысык-Көл ар кандай жүрүштөр, атка минүү, каякинг, парапланеризм жана башка активдүү эс алуунун түрлөрү үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылып, сиздерге чыныгы адреналинди белек кылат», — деп айтылат макалада.
Караколдо эл аралык аэропорттун ачылышы менен бул шаар туристтерге жеткиликтүү болуп калды. Condé Nast Traveler журналы белгилегендей, июнь — сентябрь айларында бул жер трекинг жана маданий эс алуу үчүн, ал эми декабрдан апрелге чейин спорттун кышкы түрлөрү үчүн идеалдуу.
«Каракол» лыжа тебүүчү базасы 1.8 км бийиктикте жайгашкан эң бийик тоолуу курорт. Ал эми «Үч чоку» тоолуу курорту ачылса, бул аймакка эс алууга агылып келүүчүлөр оголе көбөйөт.
Condé Nast Traveler журналы 1987-жылдан бери жарык көрүп келет. Ал саякат тууралуу дүйнөдөгу абдан кадырлуу басылма болуп эсептелет. Анын сунуштары туристтик маршруттарды түзүп жана өзгөртүүгө абдан таасир тийгизет.