• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каракол-Эңилчек унаа жолуна көчкү түшүп, жол жабылды

3 Жалган куран 202511:22 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна (Чоң-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, көчкү жолдун 82-чакырымына түшкөн. Жабыркагандар жок.

Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда катуу бороон болууда.

Кошумча маалымат берилет.

«Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 152