• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каракол-Эңилчек унаа жолунда бир тараптуу каттам берилди

3 Жалган куран 202516:59 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол-Эңилчек унаа жолуна Чоң-Ашуу ашуусунда түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 15 000 м3 түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:00дор чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 151