Жаңы Чыгыш айланма унаа жолун декабрда пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Көк-Жар айылынан башталган узундугу 16 чакырымды түзгөн жаңы Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу жүрүүдө. Бул акы төлөнүүчү автомагистраль болуп саналат.
Долбоор ишке ашкандан кийин шаардын чыгыш багытындагы унаа агымы азайып, жол кыймылынын өткөрүмдүүлүгү жогорулайт.