• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каракол лыжа базасында казакстандык жаран каза тапты

28 Бирдин айы 202512:36 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, 27-февралда Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Каракол лыжа базасында белгисиз жаран лыжа тээп бара жатып башка адам менен кагылышып, каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Билдирүү Ак-Суу РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кырсыктын чоо-жайын тактаган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Казакстандын 43 жаштагы Ж.В. аттуу жараны сноуборд тээп түшүп келе жатып, досу менен кагылышкан. Окуянын натыйжасында ал оор жаракат алып, ошол жерден көз жумган», — деп жазылат маалыматта.

Милиция учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча териштирүү иштери уланып жатканын белгиледи.

Теги:
Количество просмотров: 246