• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Каракол шаарында аялдарга карата зомбулукка каршы акция өттү

10 Жалган куран 2020 16:08 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта Бишкек шаарында уюштурулган митингди колдогондордун акциясы өттү.

Акцияга чыккан он чакты кыз-келин аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугун жактап, зомбулукка каршы пикирин билдиришти.

«Караколдо туулуп-өскөм. Азыр Алматыда жашайм, Караколго жеке иштерим менен келип, 8-мартта Бишкекте аялдарга карата зомбулукту көрүп, жеке өзүм нааразылык акциясына чыгууну ойлондум. Социалдык тармактарга жазсам, максатыбыз бир болгон айымдар мени колдоп бул жакка келишти. Биздин максат — зомбулукка жол бербөө», — деди акциянын катышуучусу Миргүл Өмүрзакова.

Акцияга чыккандар менен Каракол шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Рыспек Кыштобаев жолукту. Ал уюштуруучуларды мыйзамдуулукка үндөдү.

10-мартта Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция өттү. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.

Акцияга 8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшүнө чыккандарга жасалган чагым себеп болду. Ал күнү иш-чаранын уюштуруучуларына бет кап жана калпак кийген эркектер тобу кол салган. Бир нече аял да келип, акцияга каршылыгын билдирген.

Количество просмотров: 96