• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каракол шаарындагы кырдаалдан улам депутат өкмөткө кайрылды

11 Аяк оона 2019 20:08 Бишкек Govori.TV

10-сентябрда 21.00 чамасында Каракол шаарында катуу шамал болуп, 20-30 үйдүн чатырын учуруп кетип, эл-журт тамдарынын чатырларысыз калышты. Бул тууралуу Каракол шаардык кенешинин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.

https://www.facebook.com/aitbaeeev/videos/pcb.2518717881556347/2518708178223984/?type=3&theater

Айтбаевдин айтымында, кырсыктан жабыркагандар жок, бирок күз мезгили келе жаткандыктан элге убал эле болду.

Кырсыка байланыштуу бугун Каракол шаарынын депутаттары, мэр, өзгөчө кырдаал министирлигинен ж.б. мамлекеттик органдары менен биргеликте барып, абал менен таанышып келдик. Жергиликтүү органдардан жана өзгөчө кырдаал министирлиги менен биргеликте коммиссия түзүлүп, канча киши авариялык турак жайда калганын эсептеп, санап чыгышат.

Маалыматка ылайык, эртен, 12-сентябрда, саат 14.00 шаардык кенештин депутаттары кезексиз сессия өткөрүп, мындай кырдаалга байланыштуу элге жардам берүү максатында, акча-каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Канча суммада экенин жабыркагандардын саны такталгандан кийин белгилүү болот.

Ошол себептен элдин мындай оор абалда турганына байланыштуу, Каракол шаардык кенешинин депутаты катары — Өкмөткө, Жогорку Кенештин депутаттарына кайрылам! Колдон келсе жакын арада Каракол шаарына келип, абал менен таанышып, жабыркагандарга мындай кыйын кырдаал учурунда колдоо көргөзүп, республикалык бюджеттен материалдык жардам көрсөтүүнүздөрдү өтүнөм!

Количество просмотров: 293