• Шейшемби 28 Аяк оона 2021

“Каракол” улуттук паркын сел каптады (Сүрөт)

31 июля 2021 в 11:05 Бишкек Govori.TV

“Каракол” улуттук паркын сел каптады. Бул тууралуу Govori. TVга окурмандар билдирди.

Маалым болгондой, сел суусу жолдорду жууп, көпүрөнү агызып кеткен.

Белгидей кетсек, 30-июлга караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы Чоң Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээгиндеги турак үйлөргө жана адамдар өтчү эки асма көпүрөнү алып кетүү коркунучун жараткан. Ошондой эле Жети-Өгүз айыл аймагындагы Жети-Өгүз суусу да нугунан ашып унаалар өтүүчү жолдун жээгин жана ички чарбалык жолдорду жеп, кароосуз турган бир турак үйдү агызып кеткен. Аны менен бирге ӨКМ тарабынан курулган дамбаны да жууп кеткени айтылды. Мындан тышкары жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү Тору-Айгыр айылында да катталып, 6 турак үйгө зыян алып келген. Учурда сел жүргөн аймактарда куткаруучулар жергиликтүү тургундар менен биргеликте суу бөлүштүргүчтөргө кептелип калган тал-теректерди тазалап, суунун көлөмүн азайтуу үчүн зарыл болгон иштерди жүргүзүшүүдө.

Количество просмотров: 362