• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Караколдо 4000 окуучу Манас айтты

2 Бугу 2024 16:15 Бишкек Govori.TV

Караколдо 4000 окуучу Манас айтты. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.


Бул иш чара “Манас” эпосу жөнүндөгү 2011-жылдын 28-июнундагы №59 Мыйзамынын жана КР Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында ошондой эле алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Катчысынын колдоосу менен, Каракол шаарынын мэриясынын жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусунун алдында республикалык “Урааным Манас” кароо-сынагы өткөрүлдү.

Жалпысынан аталган иш-чарага шаар боюнча 4000 окуучу катышып, Манас айтышты.


Количество просмотров: 125