• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Караколдо айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кетти

1 Аяк оона 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 15:30дар чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда жол кырсыгынан улам улгайган аял ар кандай жаракаттары менен ооруканага алып келингендиги маалымдалган.

«Жабыркаган аялды сураштырган милиция кызматкерлери, ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Пристань-Пржевальск айылчасынын 75 жаштагы тургунун жолдун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден белгисиз унаа сүзүп кеткендигин аныкташкан. Кырсыктан кийин белгисиз унаанын айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен. Көрүлгөн иш чаралардын натыйжасында жол кырсыгына катыштыгы бар «Хонда» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган. Ал Түп районунун Ичке-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну С.Н. болуп чыкты жана алгачкы суракта жөө жүргүнчүнү сүзгөн боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган»,-деп жазылат маалыматта.

Чогулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, автоунаа айып төлөнүүчү жайга киргизилген.

Количество просмотров: 642