• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдо аянты 2,52 гектар соода базасы мэрияга өттү

14 Бугу 202511:11 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында жалпы аянты 2,52 гектар болгон «Каракол дүң-чекене соода базасы» мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2000-жылы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын чечими менен Гебзе көчөсү 200 дарегинен (1 га) жер тилкеси Каракол соода базасына бекитилип берилген, мындан тышкары 2001-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кийинки токтому менен жер тилкесинин аянты «мурдагы чечимдеги техникалык ката» деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган «Каракол дүң-чекене соода базасы» (мурдагы райондор аралык база) ыктыярдуу негизде Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 271