• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Караколдо эң чоң көчөлөрдүн бири толугу менен жасалып ишке берилди

26 Аяк оона 2022 16:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Кол облусунун Каракол шаарында Прежевальск көчөсү толугу менен оңдолуп ишке берилди. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев билдирди.

«Каракол шаарынын эң чоң көчөлөрүнүн бири, Пржевальск көчөсү 4 тилкелүү жолу, тротуар, арыктары жана жарыктандыруусу менен жасалып эксплуатацияга кирди. Бул көчөнүн жолдору советтер союзу кулагандан бери жасала элек болчу. Быйыл кудай буюрса, Караколдун жолдорун толугу менен оңдоп түзөөнү өкмөт колдоп, аталган көчөгө 121 миллион сом акча каражатын бөлгөн, бул акчага биз 2 километр 45 метр жол сала алдык. Бугун мынтип жол толугу менен колдонууга берилди, жолдон сырткары саркынды суулар агуучу, таза суунун трубалары толук алмаштырылды», — деп билдирди Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев.

Ошондой эле Джумаев өз фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылып, мындай деп кабарлаган.

«Бүгүн, чоң көчөлөрүбүздүн бири Пржевальский көчөсүн кыдырып, текшерип чыктык. Жасала турган иштер дагы көп, асфальт төшөлдү, жаны тротуар, арыктар жана жарыктандыруусу менен. Мүчүлүштүктөр жок эмес бар, аны оңдоп-түздөп келе жатабыз», — деген ал.

Количество просмотров: 839