• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Караколдо эки аял өлтүрүлдү. Окуянын-чоо жайы

15 Аяк оона 2022 13:00 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында киши колдуу болгон эки аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Govori.TVга Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда саат болжол менен 00:00 чамасында Каракол ШИИБге Кашка-Суу кичи районундагы үйлөрдүн биринде 2 аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда 1965 жана 1966-жылы туулган жарандардын бычакталганы аныкталган.

Кылмышка шектелип, 1978-жылы туулган Ч.У. аттуу жаран кармалды. Анын үйүнөн кара куурайдын суюктугу табылган.

Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Количество просмотров: 142