• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Караколдо эс алуу багы курулат

29 Бугу 2024 17:25 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районуна эс алуу багы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Учурда Мамкурулуш агенттигинин Ысык-Көл аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан эс алуу багынын эскиздик долбоору даярдалууда.

Долбоорго ылайык, эс алуу багы Кашка-Суу кичи районун түндүк тарабындагы 1 гектардан ашык аянтка курулат жана заман талабына шайкеш жасалат. Анда отургучтар, жарыктандыруу жана бактарды отургузуу каралган.

Количество просмотров: 84