• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Караколдо изделип жаткан мектеп окуучусунун жансыз денеси табылды

31 Тогуздун айы 2023 11:40 Бишкек Govori.TV

Караколдо дайынсыз болуп жаткан мектеп окуучусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Govori.TVга Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалымат боюнча, 30-октябрь күнү саат 12:30дар чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 13 жаштагы баласы эртең менен мектепке кетип, кийин үйүнө келбей калганын билдирген.

«Маалымат каттоого алынып, дайынсыз жоголгон окуучуну издөө иштери башталган. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан баланын жансыз денеси табылганын маалымдашкан. Маркум дайынсыз жоголгон издөөдө жүргөн жашы жете элек бала экен. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда өспүрүмдүн өлүмүнүн себептери жана жагдайлары такталууда», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 643