Каракол шаарында катуу шамалдан жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы кабарлады.
Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметовдун демилгеси менен 10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү катуу шамалдан жабыркаган турак үйлөрдүн ээлерине акчалай жардам көрсөтүлүүдө. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, жалпысынан 727 миң сом келтирилген зыянга жараша таратылып жатат,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 10-сентябрда Каракол шаарында катуу шамал катталып, 49 турак үйдүн чатыры талкаланган. Келтирилген зыян 1 млн 450 миң сомго бааланган. Андан тышкары эки адам жабыркап, бири жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.