Каракол шаарында “Лексус РХ 300” үлгүсүндө унаа жолдон чыккан адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлады.
Маалыматка ылайык, 27-август түнү болжол менен саат 22:29 чамасында калаанын Токтогул жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу «Лексус PX 300» үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун түштүк тарабынан чуркап чыга калган адамды сүзүп алган.
Бул кырсыктан чуркап чыккан адам ошол жерден каза тапкан. Маркум болжол менен 35-40 жаштагы эркек киши болгон. Жол кырсыгы Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, учурда тергөө тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.