Бишкек. 06.11.2018.Govori.TV
Каракол шаарында баасы 13 миң сом турган отургучту (скамейка) белгисиз адамдар сындырып, талкалап кетишкен.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы аянтка орнотулган орундук белгисиз адамдар тарабынан сындырылган.
Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын башчысы Алмаз Абдыкеев маалымат таратты. Шаардын борборундагы аянтта 4 отургуч орнотулган. Ал эми «Тагай бий» сейил багына 8 отургуч жайгаштырылган. Ар бир орнотулган орундукка мамлекет тарабынан 13 миң сом акча бөлүнгөн.
«Биз милицияга арыз жаздык. Шаардыктардан шаар инфраструктурасын сактоону өтүнөбүз»,- деди «Тазалык» ишканасынын жетекчиси.