• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Караколдо жаны конушка маркум депутат Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды

10 Жетинин айы 2018 22:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.11.2018.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарында маркум Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы жаңы конушка ыйгарылды. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев  Govori.TV. агенттикке билдирди.

«11 июлда Каракол шаардык кенешинин 27- чакырылышынын 21-сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен Карасаев жана Элебаев көчөлөрүндө жайгашкан жаңы коңушка Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылган»,-дейт Айтбаев.
Ошондой эле Азамат Айтбаевдин билдирүүсүндө, жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол коңуштун тургундары тарабынан демилгеленген. Ал эми бүгүн аталган конушка Чолпонбаевдин ысымы жазылган стелла тургузулуп, жалпы конуш тургундарынын катышуусу менен жана жергиликтуу бийлик өкүдөрү биргеликте, конушка Улан Чолпонбаевдин аты ыйгарылып ачылыш аземи өттү. Андан сырткары маркум депутаттын бир-туугандары тарабынан конуштун тургундарына боз үй белеке берилди».

Эске салсак, Улан Чолпонбаев Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон (2010-2016-жылдары). Ал «Жер казынасын пайдалануу», «Энергетика», «Жарандык Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү» сыяктуу мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири. Эл өкүлү Каракол шаарында «Табылга» аттуу партияны түптөгөн. Ошондой эле Монголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу, Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын ардактуу президенти болгон. Ал 2017-жылдын 11-ноябрь күнү узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал болгону 40 жашта эле.

Количество просмотров: 81