Караколдогу жол кырсыгынан 27 жаштагы айдоочу жабыркады
Караколдогу жол кырсыгынан 27 жаштагы айдоочу жабыркады
30 Теке 2018 9:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV
Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүндө «Мерседес» жана «Фольксваген Гольф-4» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматта «Окуя кечээ, 29-июлда саат 00:35 чамасында болгон. Жол кырсыктын кесепетинен «Фольксваген Гольф-4» унаасынын айдоочусу -1991-жылы туулган С.К. унаага кыпчылып калган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн куткаруучулар тартылып, айдоочуну унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Анын абалы туруктуу» -деп жазылат.