• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушунан мамлекетке 1 млн 792 миң сом зыян келтирилген

13 Теке 202310:38 Бишкек Govori.TV

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушунан мамлекетке 1 млн 792 миң 887 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалагандыгы аныкталган. Аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп калган.

Бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 108