• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Карамат Токторова: “3 күндүк “Кыйын” тренингинен өтө чоң таасир алдым”

16 Чын куран 202516:00 Бишкек Govori.TV

11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.

Алардын бири Чоң-Алай районунан келген мектеп директору Карамат Токторова 3 күндүк “Кыйын” тренингинен өтө чоң таасир алганын айтты.

«Өтө чоң таасир алдым, себеби менин билгенимден биле элегим өтө көп экен. Бул жерге сүйлөө чеберчилиги, жүрүм-турум, коомчулук менен кандай мамиле кылуу жана башка көп нерселерди үйрөндүм», — дейт ал.

Количество просмотров: 169