• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Карамельдин ичинен «коңуз» чыкты

21 Бештин айы 2018 17:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV


Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде жергиликтүү дүкөндөн сатып алган карамельдин ичинен коңузга окшогон жандык чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Barometr.kg сайты жазып чыкты.


Анда таттуунун сыртында жазылган маалымат боюнча «Loli» деген Кыргызстандагы «Бамбино плюс» ЖЧКсы тарабынан чыгарылары көрсөтүлгөн.


Жергиликтүү тургундун айтымында сатып алган дүкөнгө кайра алып барып, ичинде курт бар экендигин айтканда, «Биз дагы сатып алабыз, соодагерлер алып келишет»-деп жооп берген.


Мындай окуялар өндүрүштө көп эле кездешет. Ал эми Кыргызстандагы өндүрүш ишканалардын тазалыгын мамлекет көзөмөлгө алабы же албайбы, айтор бул маселе карапайым эл үчүн жоопсуз боюнча эле калууда.

Количество просмотров: 26