• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапырт камоолор: Чыңгыз Капаровдун бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыкты

12 Чын куран 2023 16:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук сотунун чечими менен активист Чыңгыз Капаровдун бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыкты.

Ал 11-апрелде ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан ооруканага которулган.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арасынан бүгүн, Клара Сооронкулова Мамбетжунус Абылов,  Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев жана Гүлнара Журабаевалар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак. былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камак алынган болчу.  Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев өңдүү активисттер кирген.

Количество просмотров: 139