• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаров Атамбаевдин бошотулушу тууралуу үн катты

15 Бирдин айы 2023 15:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан кандайча чыгып калгандыгы тууралуу суроого жооп берди.

Кошумчалай кетсек, кече, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камактан чыкты. Атамбаевди  тарапташтары ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абактын алдына чогулуп, тосуп алышты.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы кабарланды.

13-февралда Атамбаевге карата Жогорку Соттун мурда чыгарган чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.

Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко былтыр августта кайрылган.

Эске салсак, Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камалган. 2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет. 

Количество просмотров: 4547