Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратып жаткан Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мектеп менен Газпромдун мектебин салыштырды.
Анын айтымында, Газпромдун мектебин салуу туралуу сүйлөшүүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда жүргүзүлгөн.
«Газпромдун мектебине жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн балдары окуш керек болчу. Аларга саналуу бюджеттик орундарды берип коюптур. Бүгүнкү күндө Нарынга контейнерге салынган мектепти көрдүңөр»,-деди Карамушкина.